Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов телефон аркылуу сүйлөштү.
Ведомстводон маалымдашкандай, маектештер кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жогорку деңгээлин, эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында бири-бирине көрсөтүлгөн колдоону канааттануу менен белгилешти.
Биргелешкен иштин жемиштүү жылынын жыйынтыктары чыгарылып, эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү туруктуу оң динамика белгиленди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны андан ары тереңдетүүнүн келечеги, ошондой эле эки тарапты тең кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер талкууланды. Тараптар тыгыз координациянын жана туруктуу саясий диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары чыңдоого эки тарап тең даяр экендигин ырасташты.