Кыргызстан менен Япониянын ТИМ башчылары жолукту - талкууланган маселелер

Тышкы саясат 19 декабрь 2025 18:05
600882208_1280274310802743_7408727816710911196_n.jpg
600275923_1280276004135907_5164974433907804_n.jpg
600536460_1280305570799617_1535105441842329926_n.jpg
602906669_1280305550799619_6028985227285420172_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде "Борбор Азия + Япония" диалогу алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-2027-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлду.

Ошондой эле Кыргызстанга Япониянын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасынын алкагында 500 млн йен өлчөмүндөгү мобилдик медициналык контейнерлери көрсөтүлдү.