Кыргызстан менен Түркия соода-экономикалык байланышты кеңейтет

Экономика Загрузка... 18 Март 2026 16:45
652974474_1349635310544052_1409126819006065522_n.jpg.jpeg
copyright icon Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Стамбул шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Чыңгыз Токтобеков 17–18-март күндөрү Сакарья провинциясына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Башкы консулдуктан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, анда ал провинциянын губернатору Рахми Доган менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилелердин алкагында аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Айрыкча соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну чыңдоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелери сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары, Сакарья провинциясында жашап жана эмгектенип жаткан кыргыз жарандарынын абалы, алардын укуктарын коргоо жана социалдык маселелери талкууланды. Бул багытта жергиликтүү бийлик менен мындан ары да тыгыз кызматташуу улантылары белгиленди.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин айтышты.