Кыргызстан менен Тажикстан өкмөттөр аралык кеңеш түзөт

1496 13 Март 2025 15:25
DST_8996.max-1920x1080.format-webp.webp
DOS_4203.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
DST_8996.max-1920x1080.format-webp.webp
DOS_4203.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Биз эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссияны Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңеши деп кайра түзүү чечимин кабыл алдык, деп билдирди Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.

Анын айтымында, кеңешти Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри жетектейт.

"Алдыда боло турган мезгилде бул багытта алга жылууну камсыз кылуу максатында эки өлкөнүн экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты сапаттуу өнүктүрүү үчүн зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледик", - деди ал.