Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титиреди

Кырсык Загрузка... 07 Февраль 2025 12:22
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөө бүгүн саат 10:45те катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Силкинүү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.