Кыргызстан менен Палестинанын элчилери кызматташтыкты талкуулады

Борбор Азия Загрузка... 30 Январь 2026 09:55
d_30_0.jpg
copyright icon Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.01.26 /Кабар/. Кыргызстандын жана Палестинанын Өзбекстандагы элчилери Дүйшөнкул Чотонов менен Ваилл Ахмед Баттрехи эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы достук мамилелердин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү багыттарын карап чыгышты. Эки өлкө ортосундагы салттуу жылуу мамилелерге оң баа берилди.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү, эл аралык маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алмашылды.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, дипломатиялык диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.