Кыргызстан менен Омандын биргелешкен инвестициялык фонду түзүлүшү мүмкүн

Экономика 8 октябрь 2026 13:50
Кыргызстан менен Омандын биргелешкен инвестициялык фонду түзүлүшү мүмкүн
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 08.10.26 /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде Оман Султанатынын Соода, өнөр жай жана инвестицияларды илгерилетүү министрлигинин жана Oman Investment Authority уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, кыргыз продукциясын Оман рыногуна чыгарууну, халал-индустрия тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Өзгөчө көңүл инвестициялык кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарына, анын ичинде биргелешкен инвестициялык фонд түзүүгө жана анын иштөө механизмдерине бурулду.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде Кыргыз-оман өкмөттөр аралык комиссиясын түзүүнү караган Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конкреттүү биргелешкен демилгелерди мындан ары предметтүү иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.