Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана Оман менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия департаментинин башчысы, делегация жетекчиси Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган делегация менен жолугушту. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары, туризм жана курорттук инфраструктура, айыл чарбасы жана продукцияны кайра иштетүү, транспорт жана логистика, авиация, ошондой эле санариптештирүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле кыргыз-оман инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүү, Оман тараптын жеке капиталын тартуу, эки өлкөнүн инвестициялык институттары жана ишкер чөйрөлөрү менен түз байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.
Тараптар биргелешкен инвестициялык форумдарды жана өз ара бизнес-миссияларды өткөрүүнү активдештирүү боюнча сунуштарды да талкуулашты.