Бишкек, 09.05.26. /Кабар/. Күн мурун, 8-майда кыргыз-кытай чек арасында 3,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында, Эркечтам айылынан түштүк-чыгышка карай 8 чакырым, Нура айылынан түндүк-чыгышка 9 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 140 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Эркечтам жана Нура айылдарында - 3 балл, Икизяк айылында 2,5 балл, Көк-Сууда 2 балл болгон.
Ошондой эле Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтарына ылайык, 7-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титиреген. Зилзаланын очогу Ачык-Суу айылынан түштүк-чыгышка 13 карай чакырым, Кабык айылынан түштүк-батышка 30 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 133 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 2,5 баллды түзгөн.