Кыргызстан менен Кытай туризмди санариптик платформалар аркылуу өнүктүрүүнү макулдашты

Туризм 02 Октябрь 2025 14:14
557413836_18021882602754127_6862584059547775976_n.jpg
558263356_18021882566754127_155556034723949859_n.jpg
557406463_18021882590754127_3910930555694698044_n.jpg
558804612_18021882620754127_8468843656705677460_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай туризмди санариптик платформалар аркылуу өнүктүрүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризм өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фонддун делегациясы жакында Кытайдын Сиань шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар маанилүү келишимдерге жетишти.

Фонддун президентинин кеңешчиси Кылычбек Рысалиев иш-чаранын катышуучуларын Кыргызстандын туристтик потенциалы, фонддун учурдагы долбоорлору жана демилгелери менен тааныштырды.

Сапардын жүрүшүндө Сиань шаарынын ири туристтик жана бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жыйынтыгында, Кыргызстан менен Кытайдын туристтик ресурстарын онлайн-платформалар аркылуу илгерилетүүгө багытталган үч тараптуу кызматташтык меморандумуна кол коюлду.