Кыргызстан менен Кытай айыл чарба жана бажы тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Министрлер кабинети 22 сентябрь 2026 23:35
6ab29e3f64b55.jpeg
6ab29e6795f5e.jpeg
6ab29e58016aa.jpeg
6ab29e2723d24.jpeg
6ab29e088df40.jpeg
6ab29dc15e45b.jpeg
6ab29da899f9b.jpeg
6ab29d958fb3c.jpeg
6ab29d6f05175.jpeg
Алдыга
Артка
6ab29e3f64b55.jpeg
6ab29e6795f5e.jpeg
6ab29e58016aa.jpeg
6ab29e2723d24.jpeg
6ab29e088df40.jpeg
6ab29dc15e45b.jpeg
6ab29da899f9b.jpeg
6ab29d958fb3c.jpeg
6ab29d6f05175.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бажы тармагына байланыштуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин сүйлөштү. 

Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдан күйүүчү-майлоочу продуктуларды Кыргызстанга алып келүү ишинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин колдоосу менен болуп жатканын айтып, ал эми үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылган Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына  ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле Кыргызстандан айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоо эки тараптуу кызматташуунун негизги багыты экени айтылды. 

Бул багытта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу Кыргызстандан дан азыктарын Кытайга экспорттоо макулдашылды. Мындай жетишкендик өзгөчө Кыргызстандын Чүй облусундагы дыйкан фермерлери үчүн өздөрүнүн дан азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылды. 

“Торугарт” бекети аркылуу дан азыктары үчүн кошумча каттамды ачуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, “Эркечтам” бекетиндеги жүктөмдү азайтууга жана айыл чарба продуктулары менен өз ара соода жүргүзүүнү мындан ары дагы өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекетинин иштөө графигинин мөөнөтүн узартуу сүйлөшүлдү. 

Сүйлөшүүнүн соңунда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин жакында эле Кыргызстанда болгон жолугушуусунун алкагында  жарыяланган үч протоколго кол коюлду. 

Анда, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда: 

⁃    Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жылкыларды экспорттоодогу карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө протокол;

⁃    Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кой жана эчки этинен жасалган продукцияга карата талаптар жөнүндө протокол; 

⁃    Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоо боюнча фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол. 

Тараптар, бул жолку жолугушууда келечектеги биргелешкен кызматташтыктын конкреттүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилешип, эки өлкөнүн лидерлеринин колдоосу аркылуу жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн тыгыз иштешүүнү макулдашты.