Кыргызстан менен коңшулардын мамилесине атайын зыян келтирген күчтөр бар – эксперт

Пикир Загрузка... 19 Ноябрь 2025 17:10
WhatsApp_Image_2025_y8dH1Hw.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Коопсуздук тармагындагы эксперт Эдил Марлис уулу «Кабар» маалымат агенттигине берген комментарийинде социалдык тармактардагы абалды талдап, анда кадимки эле күнүмдүк чырдын артынан улуттар аралык өтө сезимтал теманы козгогон провокациялык билдирүүлөр жана чакырыктардын көбөйгөнүн белгиледи. Күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери акыркы күндөрдөгү окуяларды дестабилизация технологияларынын көз карашынан карап, мүмкүн болгон кесепеттерин атады.

“Картага көз жүгүртсөк, Кытай биздин эң жакын кошуна экенин көрөбүз. Акыркы ондогон жылдардын тарыхына көз чаптырсак муну дагы деле түшүнө элек адамдар Кытай бизге коркунуч жаратпай турганын, тескерисинче өлкөбүз пайда көрүүчү тарап экенин акыры түшүнөт деген үмүт бар.

Бул — дүйнөдөгү эң ири экономика. Ошондуктан биз бул мүмкүнчүлүктү толук колдонушубуз керек. Албетте, Кытай менен кызматташтык алгач биздин мамлекет көз карандысыз экенине жана өнөктөштөр биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды, эгемендүүлүгүбүздү, аймактык бүтүндүгүбүздү сыйлай турганына таянат.

Бизде өз мыйзамдарыбыз бар жана ким мыйзам чегинен чыкса, кайсы мамлекеттин жараны болбосун жоопкерчилик тартат. Кытайлык жумушчуларбы, же башка бирөөлөрбү мыйзам алдында баары бирдей. Башка өлкөлөрдө да ошондой, бул — дүйнөлүк практика.

Азыр коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан нерселер провокациялык мүнөздө экени ачык сезилет. Максаттуу түрдө этностор аралык чыңалуу күчөтүлүп жатат. Бул Кыргызстан менен Кытайды карама-каршы коюуга болгон аракет. Ар түрдүү “коркутуулар”, чагымчылдыкты күчөткөн маалыматтык согуштун бардык белгилери бар массалык кампания жүрүүдө. Бул кимге керек?

Менин оюмча, укук коргоо органдары муну иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазага тартышы керек. Мына ушунун айланасында гана баары чектелиши зарыл. Бирок азыр биз айрым күчтөр абалды пайдаланып, Кытайга каршы маанайды козутуп жатканын көрүп жатабыз. Бул менен алектенген адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Алар кытайларгабы, түрктөргөбү, Россия же АКШ жарандарынабы, айтор кайсы тарапка каршы улутчулдук аракеттерди жасаганы маанилүү эмес. Мындай провокацияларды токтотуу керек. Булар өз элинин душмандары, алар өз элине жакшылык каалабайт.

Мындай провокацияларга алдырган адамдарга эскертип кетким келет: сиздерди өз мамлекетин жок кылууга колдонуп жатышат. Мен ишенем, коопсуздук органдары аларды көзөмөлдөп жатышат, бирок ошол эле учурда коомго алардын кызыкчылыгы кимге таандык экенин так көрсөтүү зарыл.

Ошондой эле провокациялык аракеттер парламенттик шайлоо алдында гана чыңалуу жаратып жаткан жок. Бул күчтөр Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну үзгүлтүккө учуратууга, Кытай менен болгон мамилени бузууга аракет кылууда. Башкача айтканда, алардын максаты коңшулар менен болгон соода жана экономикалык мамилелерге зыян келтирүү, республикабызды экономикалык блокадага салуу, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болуу. Тактап айтканда, бизди коңшулар менен жаңжалдар жана ички кагылышуулар аркылуу алсыратууну каалашат.

Акыры эмне алабыз? Ар бир кыргыз бул жөнүндө билет. Ошондуктан, чет элдик жумушчулардын көптүгүн айтаардан мурда, бизди кайсы жака тыгууну көздөп жатканын ойлонуш керек. Бизди туруктуу жана күчтүү мамлекетти куруу аракетибизден ажыратуу аракети ачык эле көрүнүп турат”, - деп жыйынтыктады Эдил Марлис уулу.