Кыргызстан менен Комор аралдары кызматташтыкты активдештирет

Тышкы саясат Загрузка... 31 Декабрь 2025 13:51
b514966f-c039-3b2c-b465-522d20729754.png
copyright icon ТИМ

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Комор аралдары Союзунун тышкы иштер мекемесинин башчысы Мбае Мохамед менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун өнүгүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашты.

Өзгөчө көп тараптуу аянтчалардын алкагында өз ара колдоо маселелерине көңүл бурулуп, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча макулдашуу жетишилди.