Кыргызстан менен Кипр кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарат – Кулубаев

Саясат Загрузка... 08 Июнь 2026 12:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Кипр кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууну макулдашты. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда кыргыз-кипр кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.

“Мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү боюнча активдүү чараларды көрүүгө макулдаштык. Саясий диалогду жандандыруу жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча биргелешкен ишти улантабыз. Соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө, туризм, энергетика жана инвестиция тармактарын артыкчылыктуу багыттар катары аныктоого макулдаштык. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда кош салык салынышын болтурбоо жана салыктан качуунун алдын алуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул документ тараптардын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөрүнө ишенем”, - деди Кулубаев.

Министр белгилегендей, билим берүү жана маданий байланыштарды кеңейтүү маселелери да көтөрүлдү. Кыргыз тарап Кипрди Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча да пикир алышып, кандайдыр бир тартыш маселелерди эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын негизинде тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Кипрдин тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Белгилей кетсек, Константинос Комбос Кыргызстанга расмий иш сапар менен күн мурун келген. Бүгүн анын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен кенен курамдагы жолугушуусу өттү.