Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титиреди

Кырсык 11 июнь 2026 10:15
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титиреди

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. 10-июнда саат 17:26да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көлдүн Ананьево айылынан түндүк-чыгышка карай 50 чакырым жана Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 55 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калкттуу пункттарында жердин синкинүүсү сезилген эмес.