Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Египеттин Кыргызстандагы элчиси Хассан Ракха Ибтиссам менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери кеңири талкууланды. Бул контекстте Каир шаарында Кыргызстандын элчилигинин ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө жана кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү кадам катары белгиленди. Ошону менен бирге, кыргыз тарап Египеттин аймагында КР Жогорку Кеңешине болгон шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн ар тараптуу колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жолугушууда өзгөчө көңүл эки өлкөнүн аймагында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жана Египеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен чараларга бурулду. Бул контекстте алардын жүрүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган консулдук жана миграциялык тартиптерди өркүндөтүү маселелери каралды.
Эки тарап өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары бекемдөө максатында тиешелүү ведомстволордун активдүү жана конструктивдүү кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.