Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович жолугушуунун алкагында эки маанилүү документке кол коюшту.
Алардын мазмуну төмөндөгүдөй:
- Кыргызстан менен Черногориянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026-2027-жылдар арасындагы кызматташтык программасы;
- Дипломатиялык дайындоо жаатындагы меморандум.
Белгилей кетсек, Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович 23-24-мартта расмий иш сапары менен Кыргызстанда болот.