Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Учурда Кыргызстан экономикалык өсүштүн темпи боюнча КМШда биринчи орунда турат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин экономиканын секторлорун макроэкономикалык талдоо бөлүмүн башчысы Элдияр Сүйүнбаев "Биринчи радионун" түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, бул өкмөттүн, ишкерлердин жана жалпы элдин биргелешкен аракетинин жемиши.
"Бүгүнкү күндө экономикабыз өнүгүп, жаңы мүмкүнчүлүктөр кеңири ачылууда. 2025-жылдын 6 айында ИДП 711 млрд сом болду. Экономиканын реалдуу өсүү темпи 11,7 пайызды түздү. Салыштыруу үчүн айта кетсем, былтыр ушул мезгилде 8,5 пайызга өскөн. Бул ички суроо-талаптын өсүшү, инвестициялардын көбөйүшү жана өндүрүш менен тейлөөнүн жигердүү өнүгүшү менен түшүндүрүлөт",- деди Сүйүнбаев.
Ошондой эле ал учурда өлкөдө курулуш тармагында шаарлар жаңыланып, социалдык объекттер курулуп, айылдарда да жигердүү иш жүрүп жатканын, булардын бары экономикалык активдүү актылар экенин кошумчалады.