Кыргызстан Германия, Польша, Чехияга аба каттамдарын ачууну пландоодо

Коом
WhatsApp Image 2026-10-27 at 17.11.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 17.11.59.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-27 at 17.11.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-27 at 17.11.59.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдө аталган өлкөлөрдүн өз авиакомпанияларынын болушу эске алынууда.

“Германия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анткени ал өлкөнүн Lufthansa Airlines авиакомпаниясы бар. Ошондой эле Польша менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, себеби алардын LOT Polish Airlines авиакомпаниясы бар”, — деди ал.

Бостонов Чехия менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн, аба каттамдарын уюштуруу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрү Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү менен таанышып жатат.