Кыргызстан футбол келечегин курууда: 2030-жылга чейин 50 миң оюнчу жана жаңы ареналар

Спорт Загрузка... 26 Май 2025 18:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Кыргызстанда футбол оюнунун аброю өсүшү менен спорттун бул түрүнүн инфраструктурасы активдүү өнүгүүдө. Республикада жаңы стадиондор курулуп, иштеп жаткан спорттук объектилер масштабдуу реконструкциядан өтүүдө. Бул аракеттердин аркасында келечекте ири спорттук иш-чараларды өлкөдө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ушул тапта өлкөдө кандай долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков айтып берди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун “Кыргыз футболун 2024-2034 жылдарында өнүктүрүү” боюнча чыгарган жарлыгынын негизинде биз программа иштелип чыккан. Программанын негизинде инфракструктура жагынан ала турган болсок, бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле клубдар жайгашкан шаарларда жана стадиондордун баардыгы капиталдык оңдоодон, реконструкциядан өтүп жатат.

"Бул жаатта иш жакшы жакшы жүрүп жатат. 2-3 жылдын ичинде баардык ондоп-түзөөлөрдү жана курулуштарды бүтүрөлү деген пландар бар.

Жогоруда белгилеп өткөн жарлыктын негизинде 2024-жылы Кыргыз футбол биримдигинин алдындагы "Футболду колдоо максатында" аталышындагы фонд түзүлгөн. Фонддун жана мамлекеттин жардамы менен курулуш иштери былтыр башталган. Өткөн жылы Жалал-Абад шаарында Курманбек стадиону толук кандуу реконструкциядан өткөрүлүп, ал жерде эл аралык CAFA турниринин 20 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн Орто Азиялык турнирин өткөрдүк. Мындан тышкары, “Барселона” академиясында жарыктандыруу коюп бердик. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы негизги аренабыз дагы толук капиталдык ремонттон өттү. Ал эл аралык стандартка жооп берет.

Ошондой эле Кочкор-Ата шаарындагы "Нефтчи" спорт комплексинде "Кыргызнефти газ" ААК менен биргеликте оңдоп-түзөө иштерин өткөрдүк. Анын оюн талаасы ички чемпионатка жарайт. Ош шаарында Ахматбек Суюмбаев атындагы стадиону да ремонттон өткөрүлүп, быйыл чуркоочу жайлары курулуп бүткөрүлөт. Оюн талаасына жарыктандыруу, трибунанын чатырлары орнотулуп, эл аралык стандартка жооп берет”,-деди Медербек Сыдыков.

Сыдыков белгилегендей, былтыр 2 VAR системасы сатып алынып келинген. Анын бирөөсү түштүк регионго, экинчиси түндүк регионго берилген. Алар мобилдик кызмат көрсөтүүгө ылайыкташтырылып, микроавтобустарга орнотулган. Кайсыл оюн талаада оюн өткөрүлсө, алар ал жерге барып кызмат көрсөтүшөт.

“Андан тышкары азыркы Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинин жанында Улуттук футбол академиясы курулду. Ал FIFA`нын, мамлекеттин жана фонддун жардамы менен ишке ашырылды. Бүгүнкү күндө толук канду иштеп, ал жерде 100дөн ашык уул-кыздар тарбияланып жатат. Ошондой эле "Мурас Юнайтед" футбол клубунун Орок айылында машыгуу-көнүгүү базасы курулуп, өткөн жылдын октябрь айында ачылды. Стадион Борбор Азиядагы эң ири, 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган маанилүү спорттук борбор. Имараттын отургучтар жайгашкан бөлүгүнүн аянты 70 миң м², ал эми курулуштун жалпы аянты 180 миң м² түзөт. Стадион 70 метр бийиктиктеги сегиз кабаттуу структурага жана диаметри 280 метр болгон тегерек формага ээ. Анын жалпы аянты 85 миң м² түзөт. Быйыл ошол эле базанын жанында кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ал үчүн 7 гектар жер бөлүнүп берилип, оюн талаалары кеңейтилип жатат. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Муну менен катар Шералы Сыдыков атындагы спорт интернатыбыз толук кандуу ремонттон өтүүдө. Чуркоочу жайы, оюн талаасы гибриддик, ал эми чуркоочу талаасы синтетикалык болду. Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорт комплекси толук реконструкциядан өтүп, трибуналар жана бөлмөлөр оңдолуп, гибриддик оюн талаасы жана чырактар орнотулду. Чуркоочу жайы быйыл бүткөрүлөт”,-деди ал.

Кант шаарында "Нитро Арена" "Абдыш-Ата" футбол клубу жайгашкан, ал жерге да жарыктандыруу коюлуп берилип, трибунасы кеңейтилип, толук кандуу иштеп жатат.

Бул өткөн жылы ишке ашкан 11 долбоор. Ал эми быйыл Достук аренасы, Беш-Күнгөй айылында Талант футбол клубу жайгашкан жер толук мамлекеттке акча бөлүнүп жасалып апрель айында ишке берилген. Андан тышкары, Каракол шаарындагы стадион 7 гектарга чейин кеңейтилип, толук реконструкциядан өткөрүлүп , эл аралык стандартка жооп берген стадион болду. Стадион 23- майда ишке берилди.

13-июнда "Алга" спорт комплекси толук оңдолуп, ишке берилет. Ал жерде спорт зал, мейманкалары, эки машыктыруу жайы курулуп, эл аралык денгээлге жооп берет. Андан тышкары Өзгөн, Кызыл-Кыя, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Токмок, Токтогул, Кара-Суу шаарларында стадиондор курулуп жатат. Ошондой эле жакында Ыссык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында дагы куруу иштери башталат. Ал эми, Сокулук айылында да курулуш иштери жүрүүдө. 2025-2026-жылдары Нарын , Талас, Баткен облустарынын шаарларында стадиондорун куруу иштери бүткөрүлөт.

Кыргызстанда 4 толук кандуу жатаканасы менен футболдук академиялар иштеп жатат. Бул Ош шаарында 500дөн ашык, Жалал-Абад шаарындагы Барселона академиясында 120 бала жатып тарбияланууда. Андан тышкары күнү келип 500-600 бала тарбияланат. Улуттук Академияда тандалып алынган 106 уул-кыздар, Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинде былтыр 2009-жылкы балдарды алганбыз. Быйыл 2010-2011-жылкы балдарды алабыз. Ал академияда 69 бала тарбияланат. Кыргызстан боюнча 30га жакын футболдук клубдар бар. Жалпы орточо эсебинен 7-8 миңдей бала тарбияланат. Мамлекеттик агенттиктин алдында 160 өспүрүмдөр футбол мектеби жана 76 спорт мектеби бар, аларда күнүнө 100дөн кем эмес, жалпысынан 10 миңден 15 миңге чейин бала футбол менен машыгат.

"Жылдан-жылга футбол сүйүүчүлөрдүн өсүп жатат. Машыктыруучулардын саны да көбөйтүлүп, жер-жерлерде клубдар уюштурулууда. Мектептерде секцияларды ача турган болсок, жакынкы арада тарбиялануучулардын саны 35 миңден 50 миңге чейин жеткиребиз деп ойлойм", - деди ал.

Белгилей кетсек, бул долбоорлордун бардыгы Кыргызстандын футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү оюнчулардын профессионалдык жактан өсүшүнө жана өлкөдө эл аралык матчтарды өткөрүүгө шарт түзүүгө багытталган олуттуу аракеттер жүрүп жатканын тастыктайт.