Кыргызстан энергетикада Кытайдын технологияларын колдонууга кызыкдар

Коом 28 август 2026 15:00
Кыргызстан энергетикада Кытайдын технологияларын колдонууга кызыкдар
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Кыргызстан кайра жаралуучу энергетиканы, өнөр жай өндүрүшүн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү, ошондой эле инфраструктуралык жана туристтик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кытайдын технологияларын жана инвестицияларын тартууга кызыкдар. Бул тууралуу кыргыз-кытай инвестициялык форумунда Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев билдирди.

Анын айтымында, артыкчылыктуу багыттардын бири энергетика, анын ичинде күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү.

"Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жетиштүү көлөмдө электр энергиясын өндүрүү маселесине туш болууда. Кытай күн жана шамал энергетикасы боюнча кыйла алдыга кетти. 2025-жылы өлкөдө 11 трлн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Менимче, бул багытта эки өлкөнүн иши буга чейин эле жүрүп жатат жана мындан ары да уланат", – деди Кыдырбаев.

Ал ошондой эле Кытайдагы өнөр жайдын өнүгүү масштабын мисал келтирип, өткөн жылы өлкөдө электромобилдерди өндүрүүнүн көлөмү 16,5 млн даанага жеткенин белгиледи.

Кыдырбаев Кыргызстан кытайлык инвесторлор жана кыргызстандык ишкерлер менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

"Перспективдүү багыттардын катарында өнөр жай өндүрүшү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү бар. Кызматташтыктын келечектүү багыттарына туризм жана инфраструктура, анын ичинде темир жана унаа жолдорун, көпүрөлөрдү жана туннелдерди куруу жана өнүктүрүү кирет",-дейт ал.

Кыдырбаевдин айтымында, Кыргызстан Борбор Азиядагы жайгашкан ордун эске алуу менен Кытайдын тажрыйбасын жана технологияларын колдонууга кызыкдар.

"Бул иштер бир гана Кыргызстанга эмес, коңшу мамлекеттерге да пайдасын тийгизип, жалпы региондун экономикасына же инфраструктурасына салым кошушу керек дегенди билдирет",-деп белгиледи ал.