Кыргызстан ЕБ менен кызматташуунун 4 негизги багытын белгиледи

Экономика
Кыргызстан ЕБ менен кызматташуунун 4 негизги багытын белгиледи
Кыргызстан ЕБ менен кызматташуунун 4 негизги багытын белгиледи
Кыргызстан ЕБ менен кызматташуунун 4 негизги багытын белгиледи
Алдыга
Артка
Кыргызстан ЕБ менен кызматташуунун 4 негизги багытын белгиледи
Кыргызстан ЕБ менен кызматташуунун 4 негизги багытын белгиледи
Кыргызстан ЕБ менен кызматташуунун 4 негизги багытын белгиледи
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Брюссель шаарында тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдиги менен өз ара байланыштуулук жана коопсуздук маселелерине арналган экинчи жогорку деңгээлдеги министрлердин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Өз сөзүндө Медер Абакиров транспорт, санариптештирүү, энергетика, ошондой эле финансылык-экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүндөгү кызматташуунун негизги багыттарын белгиледи.

Транспорттук өз ара байланыштуулукту өнүктүрүүгө, атап айтканда, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашырууга, логистикалык инфраструктураны модернизациялоого, ошондой эле европалык инвестицияларды, жеңилдетилген каржылоону жана техникалык көмөктү тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Өзүнчө артыкчылыктуу багыт катары санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, алыскы аймактарда интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо белгиленди.

Энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого, электр тармактарын жаңылоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган каржылык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарлык билдирилди.

Сөзүнүн соңунда министрдин орун басары Европа биримдигинин санкциялык саясатына токтолуп, Кыргызстандын европалык өнөктөштөр менен тыгыз диалогду улантууга ачыктыгын жана кызыкдарлыгын тастыктады.

Белгилей кетсек, иш-чарага Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Кая Каллас, еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, ошондой эле ЕБге мүчө 27 мамлекеттин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Азербайжан, Армения, Түркия, Молдова жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана өкүлдөрү катышты.