Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. Кыргызстан Черногория менен көп тармактуу кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович менен жолугушуу учурунда билдирди.
Кулубаевдин айтымында, тараптар кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуунун бардык багыттары боюнча пикир алмашты. Алардын сап башында эки өлкө ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды чыңдоо болду.
"Черногория Кыргызстан сыяктуу эле тоолуу мамлекет болгондуктан, биз бир катар маанилүү маселелерди талкууладык. Анын ичинде айыл чарба, туризм тармагы боюнча кызматташтыкты кеңейтүү көңүл борборунда болду. Черногориянын туризм тармагы жогорку деңгээлде өнүккөндүктөн, бул багытта тажрыйба алмашууга жана өз ара кызматташууга кызыкдарбыз. Ошондой эле билим берүү жана технологиялар тармагында да кызматташууну тереңдетүүгө даярбыз", — деди ТИМ башчысы.
Андан сырткары, министр белгилегендей, эки өлкө бири-бирин эл аралык уюмдардын алкагында колдоп келишет.
"Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО, Европа биримдиги сыяктуу ар түрдүү эл аралык платформаларда бири-бирибизди өз ара колдоп келе жатабыз. Биз Черногория тарапты 2027-жылдын октябрь айында өтө турган Глобалдык тоо саммитине чакырдык. Анткени алар да тоолуу өлкө катары бул багыттагы маселелерди жакшы түшүнүшөт. Мындан тышкары, аталган өлкөнүн маданияты менен жакындан таанышуу максатында аларды сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөр оюндарына да чакырдык. 2024-жылы Нью-Йоркто дипломатиялык кызматкерлерди визадан бошотуу боюнча макулдашууга кол койгонбуз. Ал эми бүгүн эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү үчүн эки жылдык программага жана кадрларды даярдоо боюнча меморандумга кол койдук. Жалпысынан алганда, кызматташууну мындан ары да кеңейтүү жана тереңдетүү ниетибиз бар. Өкмөттөр, президенттер жана парламенттер аралык деңгээлде да кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Бүгүн эки өлкө ортосунда жаңы кызматташтык барагы ачылды десек жаңылышпайбыз", — деп кошумчалады Жээнбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанга Черногориянын ТИМ башчысы Эрвин Ибрагимович расмий сапары менен келди. Анын алкагында ал кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен жолукту. Ошондой эле Кыргызстанда Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылды.