Ташкент, 02.03.26. /Кабар/. 2025-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттолду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы Өзбекстан 12 мамлекетке жалпысынан 45,2 миң тонна помидор сатып, 36 млн АКШ доллары өлчөмүндө киреше тапкан. 2024-жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү 3,3 миң тоннага азайган.
Өзбек помидорунун негизги сатып алуучулары КМШ өлкөлөрү болду. Россия 32 786 тонна, Казакстан 6 850 тонна продукция импорттогон. Кыргызстан 5 115 тонна менен алдыңкы үчтүккө кирди.
Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттарына 325,8 тонна, Тажикстанга 48,2 тонна жөнөтүлүп, башка өлкөлөргө 81,6 тонна экспорттолгон.