Кыргызстан “B5+1”форумунда жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорго айлантууга даяр

Экономика Загрузка... 05 Февраль 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Биз “B5+1” платформасын узак мөөнөттүү өнөктөштүк катары карайбыз жана форумдун алкагында жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлорго айлантууга даярбыз. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “B5+1” Борбор Азия - АКШ бизнес-форумунун жыйынтыктоочу пленардык сессиясында экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова билдирди.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан үчүн “B5+1” платформасы мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалогду өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизми болуп калганын, аймактык артыкчылыктарды конкреттүү чечимдерге жана долбоорлорго айлантууга, ошондой эле “B5+1” форматындагы кызматташтыкты толуктоого мүмкүндүк берип жатканын белгиледи.

“Бүгүн Борбор Азия экономикалык кызматташтыктын жана инвестициялардын мейкиндиги катары өз позицияларын чыңдоодо. Ишкердик күн тартибиндеги негизги багыттар боюнча практикалык кадамдар ишке ашырылууда: стандарттар жакындашууда, продукциянын тышкы рынокторго жеткирилиши жеңилдетилүүдө, чек аралык соода жана инвестициялар үчүн санариптик жана каржылык инструменттер өнүгүүдө”, - деди Нурланова.

Ошондой эле электрондук соода жана IT-кызматтар үчүн жалпы санариптик мейкиндиктин калыптанышы, аймакты бирдиктүү туристтик багыт катары илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттердин күч алып жатканына токтолду.

Андан тышкары, Кыргызстандын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө кыскача токтолуп, акыркы 4 жылда өлкөдөгү орточо жылдык экономикалык өсүштүн темпи 9-10 пайызды түзгөнүн маалымдады.

“Бул мезгил ичинде мамлекеттик бюджет дээрлик үч эсеге көбөйдү, ал эми өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эседен ашык өстү. Бул жыйынтыктар ички тоскоолдуктарды жоюу, ишкердикти жүргүзүү шарттарын жакшыртуу жана экономикалык активдүүлүктү колдоо боюнча ырааттуу натыйжаларды берип жатканын тастыктайт. Дүйнөлүк экономикалык кырдаал өзгөргөн сайын жаңы чакырыктар жана чектөөлөр сөзсүз пайда болот. Ушуга байланыштуу мамлекеттер менен ишкердиктин макулдашылган аракеттери, пайда болуп жаткан тоскоолдуктарды өз убагында жоюу жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип табуу өзгөчө мааниге ээ”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Жыйынтыгында “B5+1” форматындагы сунуштар аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган чечимдерди ырааттуу ишке ашырууда практикалык багыт катары караларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Бишкекте АКШ менен Борбор Азиянын бизнес кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөгөн "B5+1" бизнес форуму өттү. Эки күнгө созулган форумга Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) жана Америка Кошмо Штаттарынан жеке сектордун лидерлери, бизнес ассоциациялары жана эксперттери катышты.