Кыргызстан аркылуу өтчү транзиттик темир жол чоң киреше алып келет – Сакиев

Экономика Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 17:00
transport-zheleznaya-doroga-1.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү өлкө экономикасына түздөн-түз таасир этип, логистикалык чыгымдарды кыйла азайтат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ар кандай товар эң биринчи логистикага көз каранды. Эгерде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу аркылуу түз байланыш ачылса, бул жүктөрдү ташуунун наркын төмөндөтүп, жыйынтыгында товарлардын баасынын арзандашына алып келет.

Ошондой эле Сакиев Кыргызстан деңизге түз чыгуусу жок өлкө экенин белгилеп, жаңы темир жол долбоорлору аркылуу Европа багытына чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн айтты.

“Мындай шартта транзит чоң киреше алып келет. Темир жол тармагындагы негизги пайда дал ушул транзиттен түшөт. Ички импорт же экспорт чоң киреше булагы эмес, ал эми транзит темир жолдун өнүгүшүнө ири каражат алып келет”, — деп белгиледи ал.

Сакиев маалымдагандай, темир жол аркылуу өткөн ар бир жүк үчүн өлкө киреше табат.

“Биздин аймак аркылуу өтө турган 304 чакырым темир жол ар бир жүк үчүн киреше алып келет. Ошондуктан транзиттик мүмкүнчүлүктү толук пайдалануу — негизги максат”, — деди Сакиев.

Ал кошумчалагандай, мындай долбоорлор өлкөнүн транспорттук потенциалын арттырып, экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошот.