Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити сыяктуу ири эл аралык иш-чаралардын өткөрүлүшү Кыргызстандын ырааттуу өнүгүүсүн жана геосаясий туруктуулугун айкын көрсөтүп турат. Бул тууралуу Пекиндеги "Grandview Institution" көз карандысыз аналитикалык борборунун аналитиги Артем Хан "Биринчи радионун" эфиринде айтып берди.
Анын айтымында, эгер буга чейин Кытай аймактагы тобокелдиктерге этияттык менен мамиле жасап келсе, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жетекчилиги өлкөнүн дүйнөнүн ири мамлекеттеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жөндөмдүү жана абройлуу эл аралык аянтча боло аларын көрсөтүүдө.
"Бүгүн Кыргызстан ири мамлекеттердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрө алган эл аралык аянтча болуп, маанилүү дипломатиялык роль ойной аларын көрсөтүүдө. Бул өз кезегинде кытайлык инвесторлор үчүн чоң мааниге ээ. Алар ар кандай долбоорлорго активдүү катыша баштайт", - деп белгиледи эксперт.