Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Кыргызстан сатып алып жаткан Airbus A321 учагын 2027-жылдын аягында өлкөгө алып келүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, жаңы учактар Лондонго, ошондой эле Таиланд жана Малайзия сыяктуу Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө токтобой учууга мүмкүнчүлүк берет. Бул эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүүгө жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүгө шарт түзөт.
Бостонов белгилегендей, акыркы мезгилде ички каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөн. Жаңы аба кемелеринин келиши эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө да өбөлгө түзөт.
Ошондой эле ал мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы ишин баштагандан берки болжол менен бир жарым жыл ичинде өлкөнүн бир катар аэропорттору жана аэродромдору реконструкцияланып, авиакомпания жаңыланган аэродромдорго каттамдарды аткарып жатканын кошумчалады.