“Кыргызалтын” жалпы суммасы $1 млрд ашкан долбоорлорду ишке ашырат

Экономика 1722 09 Апрель 2026 13:24
69d740ddcd126-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
69d740dea8cfd-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
69d740ddcd126-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
69d740dea8cfd-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. “Кыргызалтын” ААКы жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык маанидеги бир катар долбоорлорду ишке ашырат. Бул тууралуу аталган ишкананын жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда айтылды.

Маалыматка ылайык, бул иштерди компания жакынкы үч жылдын ичинде жүзөгө ашырууну пландап жатат.

Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талдыбулак жана Андаш кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар.

Мындан тышкары, компания Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүүдө.