Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык сатуучулардын товарларын Россиянын электрондук соода аянтчалары аркылуу сатууда товарларды ташып өтүү маселеси жөнгө салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, электрондук сооданын алкагында, бул айрыкча Wildberries электрондук соода аянтчасы аркылуу, кыргызстандык сатуучулардын товарларын ташып өтүүдө жаралып жаткан көйгөйлүү маселелерге тиешелүү.
“Товарларды жылдырууда макулдашылган моделди ишке ашыруунун алкагында эки негизги товар коштоочу документти – CMR жана товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөө каралган. Аталган документтерди толтуруу тартибин түшүндүрүү максатында жакынкы арада Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында Wildberries электрондук соода аянтчасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык семинар өткөрүү пландаштырылууда”,- деди ал.
Эскерте кетсек, 30-январда Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында 2025-жылдын 5-декабрында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тарабынан демилгеленген кеңештин тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе каралып, маалымат берилген.
Мында ЕЭК кеңешинин кароосунун жыйынтыгы боюнча өз ара электрондук сооданын алкагында товарларды жылдырууда көйгөйлүү маселелер аныкталган учурда ыкчам түрдө маалымдоо жана мониторинг жүргүзүүнү улантуу тапшырмасы кабыл алынды.