Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Кыргыз театрынын 100 жылдык мааракесине карата көрүүчүлөргө “Чоң казат” аттуу кино-жомок жанрындагы спектакль тартууланат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спектаклдин негизин кыргыз элинин руханий дөөлөтү, улуттук аң-сезиминин өзөгү болгон “Манас” эпосу түзөт.
Ошондой эле анда ар кайсы доордо жашаган инсандардын тагдырлары бир мейкиндикте кесилишип, алардын тарыхый бейнеси аркылуу адамдык дүйнөсү ачылат. Чыгармада тарых менен бүгүнкү күн айкалышып, адамдын ички дүйнөсү, руханий изденүүсү жана түбөлүктүү суроолору чагылдырылат.
Спектаклдин автору жана режиссёру — Уланбек Баялиев.