Кыргыз сейсмологдору Кытайда сейсмология жаатында баяндама жасашты

Коом 22 сентябрь 2026 15:55
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.25.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.26.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.26.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.25.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.25.41.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.25.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.26.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.26.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.25.55.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-22 at 15.25.41.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун окумуштуулары Кытайда өткөн “12-Эл аралык Тянь-Шань жер титирөөлөөрүнүн академиялык конференциясына” катышты. Бул тууралуу аталган институт билдирди.

Маалыматка ылайык, конференция Шинжаң Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өтүп, ага Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Италия, Түркия, Монголия жана башка өлкөлөрдөн окумуштуулар катышкан.

Кыргызстандын атынан Сейсмология институтунун окумуштуулары катышып, сейсмология жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча баяндамаларды жасашты.

Иш-чара Кытайдын Сейсмология башкармалыгынын Илим жана технологиялар жана эл аралык кызматташтык департаменти, Кытай илим академиясынын Геология институту жана Геофизика институту тарабынан уюштурулган.

Конференциянын жүрүшүндө Тянь-Шань аймагындагы жер титирөөлөрдү изилдөө, сейсмикалык процесстерди түшүнүү жана бул багыттагы эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.