Кыргыз окумуштуулары Ташкенттеги түрк дүйнөсү симпозиумуна чакырылды

Борбор Азия Загрузка... 22 Октябрь 2025 15:00
22_ logo.png
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 22.10.25. /Кабар/. Кыргызстандагы К.Токтаматов атындагы Эл аралык университеттин окумуштуулары Өзбекстан эл аралык ислам академиясы тарабынан 23-октябрда өткөрүлө турган эл аралык симпозиумга чакыруу алышты.

Иш-чаранын темасы — «Түрк тилдүү мамлекеттердин философиясы, маданияты жана байланышы: тарых, бүгүн жана келечек». Анда түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий байланыштары, философиялык жана илимий кызматташтык, ошондой эле интеграциянын жаңы багыттары талдоого алынат.

Форумда коомдук илимдер, тарых, саясат таануу жана маданият таануу тармактарындагы олуттуу маселелер талкууланат.

Симпозиумга Россиянын Казань федералдык университети, Түркиянын Кириккале университети, Швециянын Лунд университети, Малайзиянын Малай университети, Казакстандын Аль-Фараби жана Мухтар Ауэзов атындагы университеттеринин белгилүү окумуштууларын да катышары күтүлүүдө. Иш-чара Өзбекстан министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитеттин колдоосу менен уюштурулууда.