Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдештер өтүп жатат. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын курамалары кызуу беттешип жатышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын медиа эксперти Руслан Келдибаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын беттеши курч мүнөздө өтүп, эки команданын оюнчулары тең жакшы даярдыгын көрсөтүүдө.
“Оюндар буюрса, жакшы башталды. Көк бөрү федерациясы тарабынан мелдешке карата жакшы даярдыктар жүргүзүлдү. Азыр Кыргызстан — Өзбекстан оюну өтүп жатат. Эсеп бир топ айырмаланып калганы менен, эки команданын тең оюнчулары курч жана кызыктуу оюн көрсөтүп жатышат. Мелдештер аягына чейин ушундай кызыктуу өтүп, элге жакшы оюн тартуулайбыз деп ишенебиз”, — деди Келдибаев.
Ал алдыдагы Кыргызстан менен Казакстандын беттеши күйөрмандар өзгөчө күткөн оюндардын бири экенин белгиледи.
“Кыргызстан менен Казакстандын беттешин элдин баары күтүп жатат. Эгер эки команда тең финалга чыкса, бул беттеш чоң кызыгууну жаратып, стадиондо аншлаг жаралат деп күтүп жатабыз. Бул — эл чыдамсыздык менен күтүп жаткан оюн. Кыргызстан көк бөрүдөн дагы жакшы ийгиликтерди жаратаарына ишенебиз. Азыркы учурда ошого жараша даярдыктар жүрүп жатат”, — деди медиа эксперт.