Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. “Борбор Азия + Япония” форумунун алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Японияга тажрыйба алмашууга келген кыргызстандык бизнес коомчулуктун делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Анда белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз бизнесин Япония рыногуна илгерилетүүнүн артыкчылыктуу милдеттери, ошондой эле өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Айрыкча түз чет элдик инвестицияларды тартуу, инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда туруктуу кооперациялык байланыштарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Равшанбек Сабиров ата мекендик өндүрүштү колдоо, эл аралык форумдарга активдүү катышуусу өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү инструмент экенин белгиледи. Ошол эле учурда бул Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары таанытууга жардам берерине токтолду.