Кырчында этно-ыр, бий жана салттуу кийимдер сынагы өтүүдө

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 11:00
Кырчында этно-ыр, бий жана салттуу кийимдер сынагы өтүүдө
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосундагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кызуу уланууда.

Этношаарчанын негизги сахнасы “Кут Ордо” Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын этно-ыр, этно-бий жана “Саркеч” салттуу кийимдер сынактары өтүп жатат.

Аталган облустардын өкүлдөрү өз өнөрлөрүн жана дизайнерлер этно кийимдерин тартуулап жатышат.

Сахна кымча бел кыздардын мода көргөзмөсү менен көрккө бөлөнүүдө. Калыстар тобу өз бааларын берип, көрүүчүлөр, алардын арасындагы чет элдик коноктор кызыгуу менен маданий программаны көрүп жатышат.

Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген. Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.