Аркан тартыш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 15:35
4fed9995-4300-488c-b949-e64d86063f47.jpeg
cab07212-f56f-4e2b-b0c7-33c0006c853c.jpeg
3a553639-d1fb-41ac-a58e-fa0b907ee2bd.jpeg
3a553639-d1fb-41ac-a58e-fa0b907ee2bd.jpeg
c1eeaca7-6df9-4090-a998-f2757a03857f.jpeg
80f1b8c8-86b4-4cae-a62e-b6aa905dc4cc.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медиаштабы

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. 2-4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосундагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, мелдешке 13 өлкөдөн 13 команда катышты.

Эркектер абсолюттук салмак категориясында 1х1, 4х4 жана 8х8 форматтарында күч сынашты.

1х1 форматында:

  • 1-орун — Казакстан — 50 миң сом;
  • 2-орун — Кыргызстан — 40 миң сом;
  • 3-орун — Пакистан — 30 миң сом.

4х4 форматында:

  • 1-орун — Казакстан — 100 миң сом;
  • 2-орун — Иран — 80 миң сом;
  • 3-орун — Кыргызстан — 60 миң сом.

8х8 форматында:

  • 1-орун — Казакстан — 150 миң сом;
  • 2-орун — Кыргызстан — 130 миң сом;
  • 3-орун — Пакистан — 100 миң сом.

Белгилей кетсек, аркан тартыш — дүйнө элдеринин салттуу мелдештеринин бири. Таймаштар үч багытта — 1х1 жеке жолугушуу, 4х4 жана 8х8 командалык форматтарда өткөрүлөт.