Кырчында абалы начарлаган жаран Балыкчыга тик учак менен жеткирилди

3 сентябрь 2026 16:53
Кырчында абалы начарлаган жаран Балыкчыга тик учак менен жеткирилди
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. Кырчын этномаданий шаарчасында жарандын абалы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталына кайрылган.

ӨКМдин адистери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаранды алгачкы медициналык кароодон өткөрүшкөн.

“Жарандын абалына байланыштуу ага тез арада медициналык жардам көрсөтүү үчүн Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Жаранды ыкчам жеткирүү максатында ӨКМдин тик учагы тартылып, ал Балыкчы шаарындагы медициналык мекемеге жеткирилди. ӨКМ жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери жаранды ооруканага чейин коштоп барып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

ӨКМнин маалыматына караганда, министрликтин тик учактары нөөмөттө туруп, зарыл болгон учурда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда аларды тез арада эвакуациялоого даяр.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.