Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосуна ыкчам жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн ӨКМдин мобилдүү госпиталы жайгаштырылды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, госпиталь 21 унаа жана 31 чатырдан турат. Анда операциялык бөлүм, ультра-үндүү изилдөө (УЗИ), рентген, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана каралган.
"Госпиталь күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алып, 20га чейин операция жасоого жана 90 бейтапты жаткызып дарылоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөсү бар", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жеринде ӨКМден 20, Саламаттык сактоо министрлигинен 60 дарыгер иш алып барууда. Мындан тышкары, Кырчын жайлоосунда ӨКМдин эки тик учагы нөөмөткө коюлат.