Кылмышкер психиатриялык мекемеде “положенец” болуп, акча, мал, мүлк жыйнаган

Укук тартиби Загрузка... 29 Сентябрь 2025 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 1985-жылы туулган А.Б. аттуу жаранга байланыштуу кылмыштуу топ түзүү фактысына бөгөт коюлду.

Ведомстводон билдиришкендей, ал өзүн атайын психиатриялык мекемеде "положенец" деп жарыялап, соттолгондордон “общак” үчүн акча чогултуп келген.

2018-жылы ал мурдагы укук коргоо органынын кызматкерине бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Маалыматтарга караганда, жеке байланыштарды жана коррупциялык схемаларды колдонуу менен психиатриялык экспертизанын жалган корутундулары алынган, андан кийин сот аны акыл-эси жайында эмес деп таап, мажбурлап дарылоого жиберген.

Мекемеде отурган учурда, ал “смотрящий” катары адамдарды дайындап, бейтаптарды жана соттолгондорду криминалдык түшүнүктөр боюнча көзөмөлдөп, мекеменин ичинде жана сыртында анын статусун бекемдөө үчүн колдонулган “общак” үчүн акча чогултууну уланткан.

“Общак” үчүн чогулган акчага үй, жер тилкеси, 100дөн ашык ири мүйүздүү мал сатып алган.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (уюшкан топ түзүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Б. кармалып, ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. Андан сырткары, А.Б.нын шериги 1980-жылы туулган А.А. кармалды.

Тергөө уланууда.