Куурдак, бүркүттөр жана көчмөн руху – Кыргызстан чехиялык туристтердин көзү менен

Туризм Загрузка... 05 Август 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Влад Ушаков

Чехиялык Алиска жана Радим Кыргызстанга биринчи жолу келиши жана алар саякат үчүн Ысык-Көл облусун тандап алышкан. 2-августта алар Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан Бөкөнбаев айылында өткөн "Салбуурун" фестивалына катышып, “Кабар” агенттигине Кыргызстан жана этномаданий иш-чара тууралуу таасирлери менен бөлүштү.

Аларга достору менен тааныштары Кыргызстан кооптуу, белгисиз өлкө деген ой менен барбагыла деп айнытышкан. Бирок алар эл көп барбаган, өзгөчө багытты тандагысы келип, дүйнө картасындагы бул кичинекей өлкөгө барууну чечишкен.

52243653284511_XbXklzg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Кыргызстанга келгенде эле алардагы бардык күмөн саноолор жоголуп, өлкөдөн дароо жылуу мамилени байкашкан. Айрыкча, жергиликтүү элдин боорукерлиги жана меймандостугу аларга өзгөчө жакканын белгилешти.

Алар сапарын алдын ала пландашып, Ысык-Көлдүн айланасында 13 күн жүрүүнү чечишкен. «Биз Чолпон-Атада, Алтын-Арашанда, Ала-Көлдө болдук. Азыр атайын “Салбуурун” фестивалы үчүн Бөкөнбаев айылына келдик, андан соң Балыкчыга барып, кийин Бишкекке кайтабыз. Ошол жерден үйгө учабыз», – дешти чехиялык меймандар.

Кыргызстан тууралуу ойлору менен бөлүшкөн туристтерге өзгөчө жаратылыш, кооз тоолор, дарыялар жана каньондор жакканы белгилүү болду. Ошондой эле аларга улуттук тамактар да жаккан.

52243653284511_UuZDJSs.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

«Биз ар кандай тамактарды татып көрдүк, бирок бизге эң жакканы куурдак болду. Эти абдан даамдуу жана жумшак экен. Жылкынын этин дагы биринчи жолу жедик. Ал бизге кой менен уйдун этинин ортосундагы бир даамдай сезилди. Баарынан бул жерде өскөн жашылчалар жакты, айрыкча бадыраң менен помидор. Бизде Чехияда алар көбүнчө сырттан алынып келинет жана мындай даамдуу болбойт», – деди Алиска.

Ал эми ""Салбуурун" фестивалы жөнүндө айтып жатып, көргөн нерселерине абдан суктанганын билдиришти.

"Биз маршрутту түзүүдөн мурун, Ысык-Көлдө өтчү кызыктуу улуттук иш-чараларды издеп, ушул фестивалды таап алдык. Бул – көчмөн элдин маданиятын жакындан көрүп-билүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот деп ойлодук. Бизге көргөзмө абдан жакты, айрыкча чабандестер жана бүркүт менен аңчылык өзгөчө таасир калтырды. Айрым оюндар биздин оюндарга да окшошуп кетет экен", – деген Радим Кыргызстанды көргөнүнө эч өкүнбөгөнүн кошумчалады.

52243653284511_l4c9bAz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp