Курулуш объектисиндеги өрт: Компания 200 миң сом айыпка жыгылды

Кырсык Загрузка... 11 Июль 2026 17:00
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Бишкекте курулуш объектисинен өрт чыгып, компанияга 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинен чыккан.

Имараттын сегизинчи кабатында ширетүү иштери жүрүп жаткан учурда 5 литрлик эриткич (уайт-спирит) күйүп кеткен. Өрт өз убагында толук өчүрүлүп, жабыркагандар болгон жок.

Окуя боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Приемум Хоум" ЖЧКсына курулуш аянтчасында коопсуздук талаптарын күчөтүү жана өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо боюнча эскертүү берилди.

Ошондой эле протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.