Курулуш министрлиги: Жумуш учурунда ойноп отурган кызматкер иштен алынды

Укук тартиби Загрузка... 10 Июль 2025 15:05
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгындагы кызматкер жумуш учурунда компьютердик оюн ойноп отурган видео социалдык тармактарда тараган. Окуя 2025-жылдын 8-июль күнү болгон.

КР Эмгек кодексинин 43-беренесине ылайык, М.Н.Н. 2025-жылдын 10-июлунан баштап аталган башкармалыктын долбоорлоо бөлүмүнүн адиси кызматынан бошотулду.

Ал эми Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районундагы башкармалыгынын жетекчиси мыйзамга ылайык тартиптик жазага тартылат.