Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдун максаты ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр тарабынан импорттук атаандаштык шарттарында Кыргыз Республикасынын экономикалык (улуттук) коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Убактылуу тыюу салуунун мөөнөтү алты ай.
Өлкө аймагына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу киргизилип жаткан курулуш материалдарынын айрым түрлөрүнүн тизмеги жана токтом менен шилтеме аркылуу толук таанышууга болот.