Курулуш коопсуздугу: 115 долбоордук документ артка кайтарылды

Коом 589 06 Март 2026 13:30
648169456_1430603598538685_241520642468886328_n.jpg
648142054_1430603688538676_2750101802902327961_n.jpg
648319000_1430603785205333_9054804625569649395_n.jpg
Алдыга
Артка
648169456_1430603598538685_241520642468886328_n.jpg
648142054_1430603688538676_2750101802902327961_n.jpg
648319000_1430603785205333_9054804625569649395_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан 2026-жылдын январь–февраль айларында 249 долбоордук-сметалык документ экспертизадан өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери департаментке жалпысынан 323 долбоордук-сметалык документ келип түшкөн. Анын ичинен 249 долбоордук-сметалык документация боюнча экспертиза жүргүзүлдү. Алардын ичинен 192си 2025-жылдан 2026-жылга өткөн долбоорлор, ал эми 57си жыл башынан бери келип түшкөн документтер болуп саналат.

Учурда 151 документ кароодо турат жана алар боюнча экспертиза жүргүзүү иштери улантылууда. Мындан тышкары, 115 документ аныкталган кемчиликтерди жоюу жана толуктоо үчүн кайра иштеп чыгууга кайтарылды.

Министрликтен белгилешкендей, курулуш тармагында ар бир курула турган объекттин долбоордук-сметалык документи милдеттүү түрдө мамлекеттик экспертизадан өткөрүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча оң корутунду алынгандан кийин гана курулуш иштерин баштоого уруксат берилет. Бул талап курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын жана техникалык нормаларга шайкештигин камсыз кылууга багытталган.