Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өлкө аймагына ташылып келинген көчөттөргө фитосанитардык көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, карантиндик фитосанитардык текшерүүдө көчөттөр тиешелүү сертификаттары жана коштоочу документтердин тууралыгы аныкталат. Андан соң лабораториялык үлгүлөр алынып, карантиндик зыяндуу заттардын бар же жоктугу изилденет. Зарыл болгон учурда залалсыздандыруу (фумигация) иштери жүргүзүлөт.
2024-жылы өлкөгө 13 млн 348 миңден ашык көчөт импорттолсо, 2025-жылы 6 млн 863 миң көчөт алынып келген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу олуттуу азайууну түзөт. Экспорт көлөмү да 2025-жылы кыскарган.
Лабораториялык текшерүүлөрдүн алкагында 2024-жылы 8 миңден ашык, ал эми 2025-жылы 3 миңден ашык экспертиза жүргүзүлгөн. Ошондой эле 2025-жылы зыянсыздандыруу иштери 2024-жылга салыштырмалуу кыйла өскөн.
Мындан тышкары, ташылып кирүүчү көчөттөр үчүн тиешелүү уруксат кагазынын болушу талап кылынат. Бул документ Кыргызстандын аймагына сортторду жана гибриддерди алып кирүүгө уруксат берет.
Ошону менен бирге республика аймагында пестициддер менен агрохимикаттардын жүгүртүлүшү да катуу көзөмөлгө алынган. Алар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтөт, каттоодон өтпөгөн химиялык каражаттарды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган.