Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги Күрп-Сай ГЭСинин мониторинг жана башкаруу системасын реабилитациялоо долбоорун даярдоо боюнча кызматташууну улантууда.
"Электр станциялары" ААКтан билдиришкендей, күн мурун компанияда JICA`нын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда долбоорду даярдоо, зарыл изилдөөлөрдү жүргүзүү жана мындан аркы биргелешкен иштер талкууланды.

Тараптар Күрп-Сай ГЭСинин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушту. Жыйынтыгында долбоорду даярдоо боюнча диалогду улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.