Кумтөр ШКУ өлкөлөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр – Идирисов

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. "Кумтөр" компаниясы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер менен тажрыйба, инновациялык чечимдер жана биргелешкен долбоорлор аркылуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун форумунда билдирди.

Анын айтымында, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык заманбап технологияларды киргизүүгө, өнөр жайды өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

“Кумтөр Голд Компани” тажрыйба, кесиптик мүмкүнчүлүктөр жана инновациялык чечимдерди бириктирүү аркылуу бардык өнөктөштөрдүн кызыкчылыгына жооп берген ири долбоорлорду ишке ашырууга болот. Медиафорумдун эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, кесиптик байланыштарды өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кошкон салымы чоң”, - деди компания жетекчиси.

Идирисов белгилегендей, Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылып, 1997-жылы алгачкы коммерциялык алтын өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстандын эң ири өнөр жай ишканаларынын бири жана өлкөнүн негизги салык төлөөчүлөрүнүн катарына кирет.

“2022-жылы Кумтөр кени толугу менен мамлекеттин башкаруусуна өткөн. Бул чечим өлкөнүн стратегиялык маанилүү активин башкарууда жаңы этапты ачып, ишкананын туруктуу иштөөсүнө жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө шарт түзгөн. Мамлекеттик башкаруу мезгилинде Кыргызстандын бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1,2 млрд доллардан ашык каражат түшкөн. Ошондой эле компаниянын кирешеси болжол менен 5 млрд долларды, ал эми таза пайдасы 2,2 млрд долларды түзгөн. “Кыргызалтын” ААКсына дивиденд түрүндө 741 млн доллардан ашык төлөнгөн”, -деди ал.

Ошондой эле сөзүнүн соңунда ал "Кумтөр" ШКУ мейкиндигинде жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында алгачкы жолу ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.