Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Тышкы саясат 10 октябрь 2025 09:44
a6c59bf1-3679-3422-83c8-ba5e54f3f4c6.jpg
00ba27d8-88c0-3bc2-bf4e-86bb7c2bb3e6.jpg
f408563c-bca2-3322-8d78-83edca885372.jpg
Алдыга
Артка
a6c59bf1-3679-3422-83c8-ba5e54f3f4c6.jpg
00ba27d8-88c0-3bc2-bf4e-86bb7c2bb3e6.jpg
f408563c-bca2-3322-8d78-83edca885372.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Душанбе шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анда делегация башчылары эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, КМШнын алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсүнө, Бириккен Улуттар Уюму, башка эл аралык жана региондук уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Соңунда тышкы иштер министрлери КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңешине кароого сунушталуучу бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты.

КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 17-апрелинде Калининград шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.