Кудайберген Базарбаев Казакстан президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 25 Ноябрь 2025 10:45
75bed5ab-9d14-32fb-bcc8-bc6fe72f6349.jpg
4b1d6fbc-ba01-3f32-8ca6-45d7e6685c83.jpg
b3274f96-5b42-31d9-88ac-59c78cdd01a5.jpg
60b6315c-a5f4-3248-81bb-00b3165c37e6.jpg
Алдыга
Артка
75bed5ab-9d14-32fb-bcc8-bc6fe72f6349.jpg
4b1d6fbc-ba01-3f32-8ca6-45d7e6685c83.jpg
b3274f96-5b42-31d9-88ac-59c78cdd01a5.jpg
60b6315c-a5f4-3248-81bb-00b3165c37e6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Казакстан президентинин "Ак Ордо" резиденциясында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев тарабынан Ишеним грамоталарын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге тапшыруу аземи өттү.

Аземдин жүрүшүндө элчи Кудайберген Базарбаев Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирди. Ал кыргыз-казак союздук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринде жаңы жыйынтыктарга жетүү үчүн бардык аракетин көрөрүн баса белгиледи.

Өзүнүн салтанаттуу сөзүндө Касым-Жомарт Токаев кыргыз-казак өнөктөштүгүнүн тарыхый достукка, бир туугандыкка, союздаштыкка жана өз ара урматтоого негизделген кеңири камтылган стратегиялык мүнөзүн жогору баалады.

Иш-чаранын соңунда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эң жакшы каалоо-тилектерин жолдоду.